Turmush — Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунда карама-каршы тилкеге чыгып, кооптуу абал жараткан айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Төө-Ашууда каршы тилкеге чыгып, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратканы боюнча видео тараган.
Аталган факты боюнча айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгү (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу) менен протокол түзүлүп, 15 миң сом айып пул салынды.
Жол тескөөчүлөр жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.