Turmush — Ысык-Ата районуна караштуу Новопакровка айылынын 79 жаштагы тургуну Анатолий Васильченко 5-апрелден бери дайынсыз болуп жатат. Бул жөнүндө аймактык кабарчыга анын небереси Тимур Васильченко билдирди.
«Чоң атам 1947-жылы төрөлгөн. Боюнун узундугу 170 см. Чачы кыска кыркылган жана ак түстө. Биринчи жолу ушундай болуп жатат. Акыл-эс жагынан оорубайт», - деди ал.
Анатолий Васильченкону көргөн-билгендер болсо 0552 01 65 68, 0704 12 73 99 номерлери аркылуу кабарлап койсо болот.