Turmush — Бүгүн 7-апрелде Ак-Талаа районунун Баетов айылында Апрель революциясында каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара айылдагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта уюштурулду. Ага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Анын жүрүшүндө, революциянын баатыры Адилет Карасартовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, ага багышталып куран окулду.
Андан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан 7-апрель окуясын сахналаштырылган чакан сценка коюлуп, мекенчилдик ырлар аткарылды.