Turmush — Ысык-Көл облустук соту зордуктоого айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы иштин чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Ажаанбек (аты өзгөртүлдү Р.А.Ж.) 1982-жылы Ысык-Көлдөгү айылдардын биринде туулган. Убактылуу эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Ажаанбек 2025-жылдын 4-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында мас абалда айылдашы Супагүл (аты өзгөртүлдү А.С.А.) үйүндө жалгыз болгондугунан пайдаланып, анын улгайган жашына, начар ден соолугуна карабастан күч колдонуп, колу-бутун толгоп, уруп, саат 19:15 чамасынан баштап 22:00 чамасына чейин кыйнап зордуктаган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук сотунун 2026-жылдын 4-февралындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Ажаанбек бул өкүм менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылып, үй-бүлөлүк абалын эске алып жаза мөөнөтүн кыскартып берүүнү суранган.
Соттук-психиатриялык жана наркологиялык эксперт комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Ажаанбек эч кандай психикалык оору менен оорубайт. Кылмыш жасаган учурда ал өзүнүн аракетине жооп берип, аларга багыт бере алган. Кылмыш учурунда ал акыл-эси жайында болгон деп көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, соттук-биологиялык экспертизанын 2025-жылдын 9-сентябрындагы корутундусуна ылайык, 1956-жылы туулган Супагүлдүн зордукталганы аныкталган.
Соттук отурумда жабырлануучу Супагүл көрсөтмө берди. Ал 2025-жылдын 4-августта саат 18:30 чамасында айылдашы Ажаанбек үйүнө кирип келип, колу-бутун кайрып, 3 саттай кыйнап зордуктаганын айтып берди.
Облустук соттун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2026-жылдын 31-мартында иштин материалдарын карап чыгып, райондук соттун 2026-жылдын 04-февралындагы Ажаанбек жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Апелляциялык даттануу канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.