Turmush — Үч уулдун апасы Айзада Сыдыгаалиева декреттик өргүү учурунда тай боксу боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кантип машыктыруучу болуп калганын айтып берди.
Каарманыбыз 1993-жылдын 31-майында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылында төрөлгөн. Учурда Саргата айылында жашап, Үч-Терек айылында иштейт.
«Кесибим боюнча мугалиммин, азыр декреттик өргүүдөмүн. Ошол эле учурда тай бокс боюнча машыктыруучу болуп иштейм. Жаштарды спортко тарбиялап, аларды күчтүү, тартиптүү болууга үйрөтүп келем.
Жогорку билимди И.Арабаев атындагы университеттен информатика мугалими адистиги боюнча бюджеттик негизде алгам. Бирок жашоомдо спорт өзгөчө орунду ээлеп калды.
Тай бокска болгон кызыгуум биринчи эле машыгуудан башталган. Ичимден чыккан каалоо мени ушул жолго алып келди. Келечекте ден соолугу чың апа, чоң апа болоюн деген максат да мени алдыга сүрөдү», - деди ал.
Айзада Сыдыгаалиеванын айтымында, бул спортко 23 жашында келген.
«Мага машыктыруучум жана жашоодогу кыйынчылыктар чоң түрткү болду. Ар бир тоскоолдук мени сындырбастан, тескерисинче күчтүү кылып тарбиялады. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын муай тай боюнча эки жолку чемпионумун. Ошондой эле ММА боюнча спорт чеберлигине талапкер наамына жетиштим. Көптөгөн мелдештерге катышып, өзүмдү жогорку деңгээлде көрсөтүп келем.
Эсте калган учурлар көп. Ар бир жеңиш — бул чоң эмгектин жыйынтыгы. Ал эми жеңилүү — чоң сабак. Эң башкысы — эч качан багынбоо. Кээде утулуп калган кичинекей балдардын ыйлаганын көрүп, баарына медаль алып бергим келет. Ата-энелерден да көбүрөөк күйүп кетем.
Окуучуларым да ар кандай мелдештерге катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Мен аларды Кыргызстан ичинде мелдештерге, машыгуу жыйындарына алып барып турам. Алардын ар бир жеңиши — менин жеңишим», - деди ал.
Ал бош убактысында сулуулук тармагында да иштей турганын кошумчалады.
«Андан сырткары, эң негизги убактымды балдарыма арнайм. Балдарым — менин күчүм, мотивациям жана жашоомдун мааниси.
Келечекте дагы көп чемпиондорду тарбиялап, өзүнө ишенген, ден соолугуна кам көргөн муунду өстүрүүнү каалайм. Кыргызстандын спортун чоң деңгээлге чыгаруу — менин негизги максаттарымдын бири. Жаштарга айтарым, жашоо канчалык кыйын болсо да, багынбагыла. Өзүңөргө ишенип, алдыга кадам таштагыла. Ар бир адам өз жашоосун өзгөртө алат», - деди ал.
- Тай боксу (муай-тай) — Таиланддын улуттук спорт түрү. Спорттун бул түрүндө муштум, чыканак, тизе жана шыйрак менен сокку урууга уруксат берилет.