Turmush — Кечээ, 1-апрель күнү Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өткөн «Бийчилер таймашы 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин 25-март күнү Ак-Талаа райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн уюштуруусу менен окуучулар арасында сынактын тандоо туру өтүп, ага чоң жана кенже тайпалардан турган жалпы 18 бий тобу катышкан. Анын ичинен жалпы 12 бий тобу финалга чыккан. Алар кыргыз улуттук бийин, ретро бийлерди бийлөө жана бий табышмак табуу тапшырмаларын аткарышты. Сынакка кенже бий топтору жана чоң бий топтору катышты. Жыйынтыгында калыстар курамынын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.
Кенже тайпалар боюнча жыйынтык:
- 1-орун – Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин «Күн нуру» бий тобу жана Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Шоола» бий тобу ээлеп, (упайлары бирдей чыккан),
- 2-орун – Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин «6-(г) класс» бий тобу,
- 3-орун – Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин «Ак Мөөр» бий тобу камсыздады.
Чоң тайпалар боюнча жыйынтык:
- 1-орун – Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун «Кыял» бий тобу жана Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Азем» бий тобу багындырды, (упайлары бирдей болуп калган)
- 2-орун – Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин «Нурдэнс» бий тобу,
- 3-орун – Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин «Айдай» бий тобу ээледи.
Сынакка активдүү катышкан бий топтору дагы акчалай сыйлыктарга ээ болсо, ал эми бий топторун даярдап алып келген мугалимдерге райондук маданият бөлүмүнүн ыраазычылык каттары ыйгарылды. Мыкты бийлеген 6 бий тобу 11-апрель күнү Нарын шаарында өтө турчу «Дүйнө элдеринин достугу 2026» эл аралык сынагына катышууга жолдомо алышты.
Жолдомо алган бий топтор:
- Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин «Күн нуру» бий тобу,
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин «Айдай» бий тобу,
- Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин «Ак Мөөр» бий тобу,
- Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун «Кыял» бий тобу,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Шоола» бий тобу,
- Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин «Нурдэнс» бий тобу.