Turmush — Ош шаарындагы Ош көчөсүнө жол куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулу Turmush басылмасына берген комментарийинде билдирди.
Анын айтымында, жаңы жол Касымбеков көчөсүнөн Ж.Райымбеков көчөсүнө чейин созулуп, жалпы узундугу 3 чакырым 200 метрди түзөт. Жолдун туурасы 24 метрге жетип, төрт тилкелүү болуп салынат. Долбоордо тротуарлар, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери да каралган.
«Подрядчы аныкталып, тиешелүү документтер даяр болгондон кийин расмий түрдө старт берилген. Жол куруу учурунда айрым жер тилкелери долбоорго туура келип калууда. Жалпысынан 100гө жакын үй кызыл сызыкка киргени менен, бул ошол жердеги 100 үй бузулат дегенди билдирбейт. Акт боюнча кээ бирки курулуштар кошумча салынган, жолго чыгып кеткен тосмолор, ушул сыяктуу курулуштар бар.
Долбоорду оптималдаштыруу максатында жол ортосунан эки тарапка тең 12 метрден бөлүнүп курулмай болду. Ал эми бузууга туура келген аймактар боюнча, жолдун оң тарабында болжол менен 13 миң чарчы метр, сол тарабында 6-7 миң чарчы метр жер камтылары күтүлүүдө. Учурда жер ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, мыйзам чегинде кенемте (компенсация) төлөө маселеси каралууда», - деди ал.
Мирлан Казыбай уулунун маалыматы боюнча, долбоордун жалпы баасы болжолдуу эсеп боюнча 380 миллион сомду түзөт.
«Бул суммага кенемте, жер алдындагы суу түтүктөрү, канализацияларды көчүрүү иштери да киргизилген. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, үч айдын аралыгында бүткөрүү пландалууда. Негизги кыйынчылык техниканын жетишсиздигинде эмес, жолго тоскоол болгон объекттерди бузуу иштеринде болууда. Учурда Манас айлампасынан «Жийделик» көрүстөнүнө чейинки тилкеде курулуш иштери башталып, иш жүрүүдө. Себеби ал жерде бузуу иштери талап кылынбайт», - деди ал.