Turmush — Кара-Суу районундаа мал уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-март күнү Кара-Суу РИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, койлорун белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (сал уурдоо) боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган К.М., 2008-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган Т.у.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн башка мал уурдаган фактылары аныкталды. Алынган маалымат боюнча, дагы башка 16 кой, 2 бодо мал уурдашкан.
Жабырлануучуларга келтирилген болжолдуу чыгым 820 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому кайтарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.