Turmush — Баткен облусунда бодо мал 15-20 миң сомго чейин арзандады. Бул тууралуу жергиликтүү фермерлер кабарлады.
Маалыматка караганда, баанын төмөндөшүнө бодо малдын арасында чыгып жаткан ылаңдын таасири болушу мүмкүн. Кой, эчкилердин баасы да 2-3 миң сомго чейин арзандады. Ошол эле учурда эл арасында асыл тукум, эт жана сүт багытындагы малга болгон талап жогору бойдон калууда.
Баткен шаарындагы мал базарында абердин-ангусс породасындагы бука 327 миң сомго бааланды. Тирүүлөй салмагы 794 килограмм болгон 2,5-3 жаштагы бул бука базардагы эң чоң малдын бири болду. Ал 327 миң сомго сатылды.