Turmush — Москва районунун Ак-Суу капчыгайында жаратылыш сүйүүчүлөрү тоо текелердин үйүрүн байкап калышты.
Жаныбарлар тик, шагылдуу жана көчкү жүрүүчү капталдар менен жүрүшкөн.
«Тоолордо азырынча кар көп болгондуктан, текелер, негизинен ургаачылары, капчыгайдын ылдыйыраак, күн жылуураак жана кар жок жерлерине түшүп келишет. Текелер жакын эле жүргөндөй көрүнгөнү менен, жырткычтар үчүн аларга жетүү абдан кыйын. Себеби капчыгайдын шагылдуу, көчмө капталдары өтө туруксуз болот. Жырткыч же адам ушундай борпоң капталга чыгууга аракет кылса эле ири шагыл, кум жана таштар шуулдап ылдый кулап, жакын барууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ал эми жапайы текелер мындай тик жана борпоң капталдарда өздөрүн эркин жана коопсуз сезишет», - деди эколог адис Александр Сосновский.