Turmush — Сокулук районундагы мектептерде кыздар үчүн эрте кош бойлуу болуп калуу жана анын кесепеттери тууралуу маалыматтар айтылып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
«Жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткан өспүрүм кыздар менен эрте бойго бүтүү, эрте никеге туруу маселелери тууралуу алдын алуу иштери жүрүп жатат. Аталган иш чарага мектептин соцпедагогу «Эрте бойго бүтүү жана анын кесепеттери» деген темада презентация даярдап, окуучуларга тааныштырды. Мындай иш-чараларга медицина кызматкерлеринин кеңештери да өтө маанилүү. Чогулушка дарыгерлер да катышып, окуучуларга эрте турмуш куруунун кесепеттерине кеңири токтолду.
Райондун бардык билим берүү мекемелеринде эрте турмуш куруунун кесепеттерине арналган тарбиялык сааттар, диспуттар, тегерек столдор ѳткѳрүлүп, презентациялар жасалып, видеороликтер кѳрсѳтүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Эрте бойго бүтүү же өспүрүм куракта кош бойлуу болуу, кыздын ден соолугуна, билимине жана келечегине бир топ кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
Ден соолукка байланышкан кесепеттер:
- Организм толук жетиле элек болгондуктан төрөт оор өтүшү мүмкүн.
- Кан аздык (анемия) жана алсыроо.
- Кош бойлуулуктагы оорулар (кан басымдын көтөрүлүшү ж.б.).
- Ымыркайдын эрте төрөлүшү же салмагы аз болуп төрөлүшү мүмкүн.
- Кээде эне же бала үчүн өмүргө коркунуч жаралат.
- Психологиялык кесепеттер:
- Стресс, коркуу, уялуу сезими.
- Депрессия же өзүн жалгыз сезүү.
- Үй-бүлө жана коом тарабынан басым болушу мүмкүн.
- Социалдык кесепеттер:
- Көп учурда окуну таштап коюу.
- Кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү азаят.
- Каржылык кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
- Жаш үй-бүлөдө ажырашуу коркунучу жогору болот.
- Баланын келечегине таасири:
- Баланын ден соолугу начарыраак болушу мүмкүн.
- Балага толук кам көрүү кыйын болушу мүмкүн.