Turmush — Кечээ, 11-мартта Чүй облусунун Москва районунда прокуратура кызматкерлери жеке ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара президенттин 2026-жылдын 28-январындагы «Ишкердик субъекттерге салык көзөмөлүн жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруунун алкагында өттү.
«2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартиптеги ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу жѳнүндѳ ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишкердик субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүүгө мыйзамсыз кийлигишүүлөрдүн алдын алуу максатындагы маалыматтары ишкерлерге түшүндүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жеке ишкерлерге административдик басым жасабоо, алардын укуктарын коргоо жана экономикалык ишмердүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү жагдайлары айтылды. Тактап айтканда, мораторийге ылайык ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөр жүргүзүлбөйт.
- Кызмат адамдары мыйзамда каралган өзгөчө учурлардан тышкары өз алдынча текшерүүлөрдү демилгелөөгө укуксуз;
- Мораторий талаптарын бузган бардык аракеттер прокуратура органдары тарабынан көзөмөлгө алына тургандыгы ишкерлерге жеткирилди.
«Эгерде мораторий күчүндө турган мезгилде ишкердик субъекттерине пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүргүзүү аракети байкалса, ишкерлер прокуратура органдарына кайрылуу укугуна ээ экендиги түшүндүрүлдү.
Мындай жагдай ишкерлердин укуктарын коргоо менен экономикалык ишмердүүлүктү эркин жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле мыйзамсыз текшерүүлөрдөн корголуу, лицензияларды жана уруксат документтерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө алуу укуктары кепилденгендигине ээ болот. Ал эми кызмат адамдарына мыйзамсыз сый акы талап кылууга, жасалма административдик тоскоолдуктарды түзүүгө жана ишкердикке кысым көрсөтүүгө тыюу салынары билдирилип, жеке ишкерлерге мамлекеттик жана расмий тилдеринде эскертмелер таратылды», - деп айтылат маалыматта.