Turmush — Марлен Айбеков Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду.
Ал Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Марлен Айбеков Бишкек шаарына ротация аркылуу которулду.
Учурда Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын кызмат орду бош. Азырынча жаңы жетекчи дайындала элек.
Марлен Айбеков 2000-жылы 1-майда туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде салыктар жана салыктын салынуусу адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолунда Бишкек жана Токмок шаарларындагы муниципалдык түзүмдөрдө жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Марлен Айбеков 2025-жылдын 22-октябрынан тартып Кара-Балта мэриясынын аппаратын жетектеп келген.
2025-жылдын декабрь айында Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.