Turmush — Бүгүн, 11-март күнү Жайыл районундагы «Сосновка» постунда токтоп турган оор жүк ташуучу 120 унаанын айдоочуларына ысык тамак, чатыр уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн Бишкек–Ош унаа жолунун 81-чакырымындагы «Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык. Азыркы тапта 120 унаа токтоп турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган постто жылынуучу түйүн уюштулуп, иштеп жатат. Жалпы 250 адамга жеткидей ысык тамак даярдалган.
Буга чейин ӨКМ Бишкек—Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилгенин кабарлаган.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 11-мартта Бишкек—Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) кар көчкү түштү. Кар көчкүнүн болжолдуу узундугу 150 метр, туурасы 12 метр, бийиктиги 3 метрге жетет.
Жолду тазалоо жана кырдаалды жөнгө салуу максатында жерине №23 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары жана атайын техникалар тартылып, тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн чыгып кетишти.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында саат 06:30дан тартып автоунаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү кызматтар тарабынан жолду тазалоо жана абалды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана убактылуу киргизилген чектөөлөрдү сактоого чакырышты.
Жол тескөөчүлөр айдоочуларга жол убактылуу жабылганын түшүндүрүп жатышат. Учурда «Чычкан» постунан жол жабык.