Turmush — Тогуз-Торо районунун Казарман айылында чоңойгон 22 жаштагы Айыммырза Исаева жолдошу Шон МакДоналд менен Германияда жашап жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.
Өзүнүн айтымында, Германияга «Au-pair» программасы менен келген. Кесиби боюнча тиш техни. Мюнстер университетин аяктаган.
«Шон Германияга жайкы жумушка келгенде мен дагы окуп жүргөн элем. Менин тууганым, анын үйүндө бала багуучу болуп эмгектенчү. Аны бир аз убакытка үйүнө конокко алып келген. Ошол тууганым аркылуу биз таанышып калдык. Шон 2004-жылкы. Ал Кыргызстандын жараны болуп, 2012-жылга чейин ошол жерде жашаган. Андан кийин Америкага көчүп, азыр ошол жакта жашайт.
Ал иштеш үчүн 2 сааттык алыстагы шаарга кеткен. Бирок ар апта сайын мени көргөнү келип турчу. Кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин мага «I love you» деп жазган. Абдан сабырдуу жана токтоо мүнөздүү. Келечекке болгон пландары мага жакты. Анткени мен анын жанында жакшы келечекке ишене алдым. Ал Кыргыздын салт-санаасын, динин жана үй-бүлө маданиятын урматтайт. Менин бардык кемчиликтеримди жактырып, ар тармактан өнүгүшүмө жардам берди.
Биздин ата энелерибиз эч кимиси каршы болгон жок. Эки тарап тең колдоп чыгышты. Биз азырынча болочок жубайбыз. Үйлөнүү тоюбузду Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатабыз.
Биз биринчи жолу жолуккан күнү мен англис тилин дээрлик билчү эмесмин. Бирок биз шаарды бирге аралап, Google Translate жана жаңсап түшүндүрүүнү колдонуп, бир нече саат сүйлөшө алганбыз. Ошондон бери мен англис тилин негизинен ал аркылуу үйрөндүм. 1 ай өткөн соң Кыргызстанга келип, менин үй-бүлөм менен таанышкан.
Ал чыныгы америкалык, салттарды көп карманбайт. Анын ата-энеси 14 жыл Кыргызстанда жашагандыктан, алардын үй-бүлөсү азыркыга чейин америкалык жерде болсо да, кыргыз салттарын карманышат», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле эмнелерге кызыгарын айтып берди.
«Азыркы учурда бош убактымды контент жаратууга арнайм. Жаңы нерселерди үйрөнгөндү жакшы көрөм — мисалы, бокс, ырдоо, бий жана башка. Каржылык жактан эркин жашоону каалайм. Бул мага саякат кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле, социалдык тармактардагы аудиторияма өзүм кандайча өнүгүп ушул деңгээлге жеткенимди айтып, мен сыяктуу максаттары бар адамдарга да жардам бергим келет. Кыргыздардын көчмөн жашоосун дүйнөгө тааныткым келет. Кыргызстандын сулуулугун дүйнөгө көрсөткүм келет. Жакшы эне болгум келет», - деди ал.