Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 15.12.2014 18:21

Панфилов районунда А.Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата спорттук мелдеш болуп өттү

Turmush -  Панфилов районунда Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте 13-декабрь күнү улуу акындын 100 жылдык мааракесине карата спорттук мелдеш болуп өттү.

Маалыматка ылайык, биринчилик спорттун төрт түрү: күрөш, аркан тартыш, 24 кг салмакта гира көтөрүү жана 3 км аралыкка чуркоо. Катышуучулардын арасында Жайыл, Пнафилов районунун өкүлдөрү жана республикадан келген меймандар болушту.

Бардык байгелүү орундарды Панфилов районунун Кум-Арык айылынын спортчулары жеңип алды. Алардын командасы биринчи орунду алып, көпчүлүк сыйлыктарга ээ болушту.Баш байге -телевизорду чуркоо боюнча маарага биринчи келген кара-балталык Илья Тяпкин жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×