Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.12.2014 11:57

«Кара-Балта» командасы Биринчи лиганын футбол боюнча республикалык мелдешинде жеңишке ээ болду (фото)

Turmush -  «Кара-Балта» командасы Биринчи лиганын футбол боюнча республикалык мелдешинде жеңишке ээ болду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 2008-жылы мурдагы шаар башчысы Анатолий Кимдин демилгеси түзүлгөн футболдук клубдун алгачкы жеңиши.

Маалыматка ылайык, «Кара-Балта» футболдук командасы 6 жылдан бери республикалык мелдештерде колого ээ болуп келген.

Аталган команданы сыйлоо аземине мэриянын өкүлдөрү, спорттун башка түрлөрүнүн машыктыруучулары, кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү депутаттар менен катар команданын күйөрмандары катышты.

Кыргызстандын ФИФА жана АФКсынын калыстыгы боюнча инструктор Виктор Колпаков кубокту тапшырып жатып, көп эмгек жумшап, жеңишке умтулгандар гана жеңишке жетерин белгиледи.

«Баардык нерсенин өз убагы бар. Азыр силер Биринчи лиганын мыктысы болдуңар. Бул силер аша турчу айсбергдин чети гана, эми Жогорку лигага жетишиңер керек. Эгерде жергиликтүү бийлик органдары, депутаттар шарт түзүп беришсе, жолуңар ачык. Кара-Балта — футболчулардын шаары. Мында республикалык деңгээлдеги футболчулар чыккан. Силердин машыктыруучуларыңардын жана шаарда спортту өнүктүрүү менен алектенгендердин, анын арасында көзү өткөнчө «Манас» спорт комплексинин директору болгон Геннадий Супрунов эмгегин белгилегим келет», - деди В.Колпаков.

Маалым блгондой, футболчулар аттары жазылган кол сааттары менен сыйланып, мыкты оюнчуларга сувенирлер берилди.

Ал эми, күйөрмандар команданын жеңишине арнап, ага күндүн символу болгон сары жана футбол талаасын чагылдырган жашыл түстөгү материалдан турган футбол желегин даярдашты.

DSC00011

DSC00013

DSC00020

DSC00025

DSC00028

DSC00032

DSC00033

DSC00034

DSC00060

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×