Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуМосква району 11.12.2014 15:53

Кызыл-Кыя шаардык сотунун жана Москва райондук сотунун судьялары кызматтарын ыйгарым укуктарын улантышмай болду

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктарга ылайык, жергиликтүү соттордун 2 судьясынын ыйгарым укуктары узартылып, алар судьялык кызматтарын улантышмай болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар: Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Сулайманова Айнура Эртабылдиевна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×