Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.12.2014 13:42

Кара-Балта шаардык мэриясы бюджеттин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен окутуу мекемелери үчүн спорттук инвентарь алып берет

Turmush -  Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы 480 миң сомго шаардагы бала бакча жана мектептер үчүн спорттук инвентарь сатып берүүнү пландоодо.

Дене тарбия сабактары үчүн керектелген бул буюмдар жыл аягына чейин алынып берилет.

Бул каражат шаардык бюджеттин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×