Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.12.2014 17:15

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары муниципалдык футбол клубунун бюджетин үч эсе жогорулатууга макул болгон жок

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары «Кара-Балта» муниципалдык футболдук клубунун бюджетин үч эсе жогорулатуудан баш тартты.

Шаардык кеңешинин 3-декабрда өткөн сессиясында «Кара-Балта» муниципалдык футболдук клубунун бюджетин 4 млн сомдон 12 млн сомго жогорулатуу тууралуу маселе каралды.

Футбол клубдун жетекчилиги маалымдагандай, быйыл аталган шаардык клубдун 26 футболчусу Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болушту. Буга байланыштуу алар автоматтык түрдө Жогорку лигага киришти. Бул убакытка чейин футболдук команданын бюджети 4 млн сомду түзгөн. Эми футболчулар анын көлөмүн дагы 3 эсеге жогорулатууну суранып жатышат.

Айрым депутаттар спортту өнүктүрүү зарылдыгынан улам футболчулардын мындай суранычын колдошту. «Бүгүн футболду колдосок, эртең волейболду жана башкаларды колдойбуз. Эң башкысы спортчулардын өздөрүнөн демилге болушу керек. Шаардын бюджет жок дегенде бир муниципалдык команданы камсыз кылыш керек», - деп билдирди сунушту колдогон депутаттар.

Бирок эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү спортчулардын бир командасын колдоп, спорттун калган түрү боюнча командаларды көңүл сыртында калтыруу туура эмес экендигин билдиришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүгү «Кара-Балта» муниципалдык спорт клубунун бюджетин жогорулатууга каршы добуш беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×