Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.12.2014 17:43

Жайыл районуну эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр командасы Карак-Көлдө өткөн эл аралык турнирде 2-орунга ээ болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 27-30-ноябрда КР спорт мастери, республиканын бир нече ирет чемпиону Бусурманкул Сарбалаевдин элесине арналган 1997-2000 -жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча биринчи эл аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу Жайыл районунун өспрүмдөр спорт мектебинин директору Нурдан Сүймөналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунан 1ө спортчулан турган бир курама команда катышкан. Жалпысынан мелдешке 30 команда катышты. Турнирдин жыйынтыгы боюнча Жайыл районунун командасы 2-орунга ээ болду.

Байгелүү орундарды төмөнкү спортчулар алышты:

- 26 кг салмактагы категория боюнча Аманбеков Абдекерим 1 орунга ээ болду,

- 26 кг салмак категориясы боюнча Нурсултан Жунушбеков 3-орунга ээ болду,

- 32 кг салмак категориясы боюнча Ислам Талантбеков — 1-орунга ээ болду.

- Бектуров Мирлан – 3- орун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×