Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.12.2014 12:23

Кара-Балтанын эки спортчусу грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде биринчи орунга ээ болушту

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 21-23-ноябрда спорттун чебебри Ришат Хозоновдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү.

Ага Кыргызстандын жана Казакстандын күчтүү спортчулары катышты. Мелдештин жыйынтыгында Кара-Балта шаарынын эки спортчусу 2 алтын медалга ээ болушту.

«Бекжан Коңурбаев 66 кг салмак боюнча 1-орунга жана Роман Ким 120 кг категориясы боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду, деп билдирди Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу Игорь Коваленко.

Кара-Балта шаарынын алтын медалдарынын ээлери Игорь Коваленконун грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучунун тарбиялануучулары болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×