Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.11.2014 11:31

Кара-Балта шаарындагы №9 орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин эсебинен теннис столу алынды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы №9 орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин эсебинен теннис столу алынды. Эми танапис учурунда окуучулар менен мугалимдер мелдешке чыгышат.

Кара-Балта шаарындагы №9 орто мектебинде жаңы теннистик столу орнотулду. Ал мектептин экинчи кабатында фойеде жайгашкан.

Эми бир гана окуучулар эмес, мугалимдер дагы теннис ойноп жатышат. Жабдыктар көзөмөлдүк кеңешинин каражатынын эсебинен сатылып алынды. Келечекте класстар арасында теннис боюнча мелдеш уюштуруу пландалууда.

Окуу мекемесинин жетекчисинин айтымында, келечекте мектепте волейбол секциясын кайра калыбына келтирүү пландалууда, себеби жалпы район күчтүү колейболдук командасы менен сыймыктанып келген.

SAM_2217

 

SAM_2218

SAM_2219

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×