Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 21.11.2014 09:25

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн футболчулары Жайыл районунун чемпиону деп табылды

Turmush -  Ак-Башат айыл өкмөтүнүн футболчулары Жайыл районунун чемпиону деп табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Жайыл районунда салтка айланган футбол боюнча V чемпиондук аяктады. Ага айыл аймактарынан 10 тайпа жана Жайыл РИИБ менен Жайыл РЭСтин тайпалары катышты.

V чемпиондуктун алкагында ишемби күндөрү Ак-Башат жана Талды-Булак айыл аймагынын Бөксө-Жол айылдарынын стадионунда 5 тур өттү.

Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунга Ак-Башат айыл өкмөтүнүн тайрасы ээ болуп, кубок жана 20 миң сом суммасында акчалай сыйлык менен сыйланды.

2-орунду 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болгон Талды-Булак айыл өкмөтүнүн тайпасы ээледи.

Ал эми, 3-орунду Жайыл РИИБдин командасы ээлеп, 5 миң сом менен сыйланды.

Ошондой эле, 4-орун Сары-Коо айыл өкмөтүнө берилип, 2 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Мындан тышкары, бардык жеңүүчүлөр «Ардак» грамоталары жана эстеликке медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, иш-чараны Жайыл райондук мамадминистрациясынын спорт комитети уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×