Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 19.11.2014 17:05

Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Turmush -  Шаардык «Ак-Кула» ат майданында бүгүн, 19-ноябрда көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Sport АКИpress'ке Көк-бөрү федерациясынын жетекчисинин орун басары Нурбек Асанбаев маалымдады.Бул жылы чемпиондук титул үчүн өз ара бир айлампада ойной турган 3 команда ат салышат. Эң көп упай топтогон команда чемпион аталат.

«Азыркы сезон баардык командалар үчүн оор болду. Алар Ноорузга, Жеңиш күнүнө жана президенттин Кубогуна арналган турнирлерге катышышты. Буга катар эле Ысык-Көлдө өткөн 1-бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да күч сынашты. Кээ бир командалардын минген аттары менен көйгөйлөр бар. Алар ошондуктан өлкө чемпионатына катыша албай калышты»,- деп белгиледи Нурбек Асанбаев.

19-ноябрдагы оюндардын тартиби:

«Талас» - «Бөрүлү»

20-ноябрь

«Суусамыр» - «Талас» - «Бөрүлү» жубунда утулганы менен

21-ноябрь

«Суусамыр» - «Талас» - «Бөрүлү» жубунда утканы менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×