Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусу 18.11.2014 10:20

Мамлекеттик салык кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Turmush -  КРнын мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов кызматта бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүздү, деп билдирди МСКнын басма сөз кызматы.

З.Осмонов кол койгон буйрукка ылайык, МСКнын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жайнаков ишине себепсиз чыкпагандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, МСКнын Чүй району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сарылбек Курмашов октябрь айы үчүн салыктарды чогултуу боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү камсыз кыла албагандыгы үчүн кызматынан кетирилди.

Андан тышкары, МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын (Чүй жана Талас облустары) жетекчиси Замирбек Мамбеткулов 2014-жылдын 10 айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн толугу менен аткарбагандыгы үчүн кызматынан төмөндөтүлүп, МСКнын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Камалидин Халилов ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, ошол эле башкармалыктын бөлүм башчысы болуп дайындалды. Бошогон кызмат ордуна МСКнын Сокулук району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген Бакытбек Молдокасымов отурду.

МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жана МСКнын Сокулук району боюнча башкармалыгынын жетекчилерине карата кадрдык чечимдерге, КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жогорудагы адамдарды ээлеген кызматтарынан бошотуу тууралуу берген сунуштамасы дагы таасирин тийгизди.

Мындан сырткары, сынактык тандоолордон өтүшкөндөрүнө байланыштуу Сагынбек Жеенбеков МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Фатима Казакова – борбордук аппараттын бөлүм башчысы, Абдымиталип Жакыпов – МСКнын Араван району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×