Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 14.11.2014 13:17

Жайылда 1997-2001-жылкы өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча турнир өттү

Turmush -  Жайыл районунда жаш спортчулар арасында эркин күрөш боюнча мелдештин райондук түрү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын «Кожомкул» атындагы күрөш клубунда 1997-2001-жылкы өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча классификациялык турнир өтүп, ага Кара-Балта шаарынын, Суусамыр, Тунук, 1 Май, Сосновка, Сары-Булак, Жон-Арык, Эрик-Туу, Ийри-Суу, Алтын, Алексеевка айылдарынын спортчулары жана «Замандаш», «Манас», «Мырсабай», «Кожомкул» спорт клубдарынын тарбиялануучулары катышышты.

2 күндүк мелдештин жыйынтыгында 25 кг салмактык категорияда Сосновка айылынан Искендер Калыбеков 1-орунду ээледи.

Ошондой эле, 27 кг салмактык категорияда Тико Мухмуджан уулу (Сосновка айылы), 30 кг Камил Белеков, (Кара-Балта шаары), 33 кг Виталий Степаненко (Алексеевка айылы), 36 кг Нурсултан Таланбек уулу (Сосновка айылы), 39 кг Бекзат Кабылбеков (Сосновка айылы), 42 кг Абдуталипов Рамазан, (Сосновка айылы), 46 кг Нурбек Зафар уулу (Сосновка айылы), 50 кг Нур Темирбеков (Сосновка айылы), 54 кг Раджбали Садыков (Сосновка айылы), 58 кг Байсал Кубатов (Кара-Балта шаары), 63 кг Кутман Кенешбеков (Кара-Балта шаары), 69 кг Марс Нурбек уулу (Сосновка айылы), 76 кг Арген Асанкулов (Кара-Балта шаары), 85 кг Кайрат Осмонкулов (Сосновка айылы) 1-орундарга ээ болушту.
Өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин айтымында, 1,2,3-орундарды алган жеңүүчүлөр диплом жана төш белгилерге ээ болушту. Аны менен катар, тиешелүү баскычтагы спорттук разряддар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×