Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.11.2014 12:47

Жайыл жана Таластын балбандары Грозный шаарында өткөн эркин күрөш боюнча FILA турниринде коло медалын жеңип алышты

Turmush -  Жайыл районунун жана Талас шаарынын балбандары Чечен республикасынын Грозный шаарында 10-октябрда өткөн эркин күрөш боюнча FILA эл аралык турниринде коло медалга ээ болуп кайтышты.

Бул профессионалдык турнир улуу муундагы эркек адамдар арасында өтүп, Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун байгесине арналган.

«FILA турнири абдан эле олуттуу болуп саналат. Кыргызстандык спортчулар мындай мелдештерге көп эле катышып жүрүшөт, бирок байгелүү орунга биринчи жолу ээ болуп жатышат», - деди Жайыл райондук спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев.

Анын айтымында, турнирге Кыргызстандан барган бир топ балбандар катышты. Алардын ичинен 65 кг салмак категориясында үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыган жайылдык спортчу Аширбек Сардалов жана таластык Надырбек уулу Самат болду.

Бул спортчуларга грамота2 миң доллардан акчалай сыйлык Чечен президентинин колунан тапшырылды.

Андан тышкары, алар автоматтык түрдө Кыргызстандын спорт чебери наамын алышты.

А 1

А 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×