Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.11.2014 11:57

Кара-Балтада Кыргызстандын чемпиону А.Салтановдун элесине арналган жеңил атлетика боюнча салтанаттуу кросс болуп өттү

Turmush -  Кара-Балта шаарында СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын чемпиону А.Салтановдун элесине арналган жеңил атлетика боюнча салтанаттуу кросс болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Манас» спорт комплексинде өткөн мелдешке шаардын 80 жеңил атлетчиси катышып, алардын бары мектеп жашындагы спортчулар болду.

«2003-жылы туулган кыздар 300 метр аралыкта, ал эми балдар 500 метр аралыктагы чыдамкайлыктарын көрсөтүштү. 2001-2002-жылы туулган кыздар - 500 метр, балдар 800 метр аралыкка чуркашты. 2000-1999-жылкы кыздар 600 метр, балдар 1000 метр аралыктан чуркап өтүштү. Ал эми 1998-жылкы жана андан улуу жеңил атлетчилер дагы 1000 метр аралыкты кармашты», - деп билдирди «Манас» спорт комплексинин жеңил атлетика боюнча тренери Ольга Клименко.

Натыйжада бардык жеңүүчүлөр 100 сомдон 200 сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана эстелик медалдар, дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×