Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.11.2014 10:16

«Кара-Балта» футболдук командасы Биринчи лигада Кыргызстандын чемпиону аталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 9-ноябрда Биринчи лиганын «Түндүк» А жана «Түштүк» Б зоналарынын Кыргызстандын -2014 чемпион наамына футбол матчы болуп өттү.

«Манас» спорт комплексинин чоң футболдук талаасында Кара-Балта шаарынын футболдук командасы менен Өзгөн шаарынын «Кара-Чоро» аталыштагы командалары ортосунда мелдеш өттү.
Жыйынтыгында, кара-балталык команда 7:4 эсеби менен утуп алды.

Футболдук мелдешке Кара-Балта шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттыр, көптөгөн колдоочулар катышышты.

Мындан тышкары, футболдук оюнга Кыргызстандын Профессионалдык лигасынын директору Кемиль Токобаев, ФИФАнын судьясы, КР Футбол Федерациясынын президенттеринин соттук иштер боюнча кеңешчиси Баходыр Кочкаров жана КР Футболу боюнча Федерациясынын башкы директору Дастан Конокбаев күбө болушту.

Жеңиш үчүн «Кара-Балта» футболдук клубу Кыргызстан-2014- жылдын Чемпиону Кубогуна ээ болду.

«Кара-Балта» футболдук командасынын директору Кабылжан Иргешевдин айтымында, эми бул команда Кыргызстандын Жогорку лигасынын командалар арасындагы футбол боюнча мелдештерге катыша алат.

Бул Биринчи лиганын жеңүүчү командалар ортосунда экинчи мелдеш болду, биринчи мелдеш Ош шаарында 5-ноябрда өткөн, анда «Кара-Балта» футболдук клубу Түштүк командасын 5;1 эсеби менен жеңип алган.

5:1.А 1

 

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×