Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.11.2014 10:43

«Кара-Балта» муниципалдык футбол командасы Кыргызстандын абсолюттук чемпиону наамына ээ болду

Turmush -  «Кара-Балта» муниципалдык футбол командасы Кыргызстандын абсолюттук чемпиону наамы үчүн кечээ, 5-ноябрда Өзгөн шаарынын «Кара-Шоро» командасын жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ Кочкор-Ата шаарында биринчи лиганын футбол боюнча республиканын жеңүчүлөрүнүн беттеши уюштурулду. А «Түндүк» зонасы «Кара-Балта» командасын Б «Түштүк» зонасы «Кара-Шоро» командасы көрсөттү.

Беттеш 5:1 эсебинде кара-балталыктардын пайдасына чечилди, деп билдирди «Кара-Балта» футболдук командасынын директору Кабылжант Иргешов. Анын айтымында, алардын командасы акыркы жолу Кыргызстандын чемпиону болуп 8 жыл мурун таанылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×