Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.11.2014 10:59

Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү чек арачы-спортчулар менен жолугушту (фото)

Turmush -  Новопокровка айылында кечээ, 4-ноябрда Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда Олимпиада оюндарынын, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Каныбек Осмоналиев, Каныбек Сагынбаев, Айсулуу Тыныбекова, Алексей Федосеев жана Канат Бегалиев мыкты спортчу-чек арачылар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпиондор менен жолугушуу ушул жылдын ноябрында өтө турчу мелдештерге карата уюштурулган.

Белгилей кетсек, 10-13-ноябрда Алматы шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволору арасында самбо боюнча чемпионат өтөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан ага бардык салмактагы категорияда спортчулар катышмакчы. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 8-13-ноябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери арасында спорттун 12 түрү боюнча спартакиада өтөт.

Маалым болгондой, бүгүнкү иш-чарага КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Талайбек Усубалиев катышты. Өз сөзүндө ал чек арачыларга колдооо көрсөткөндөрү үчүн чемпиондорго ыраазычылык билдирип: «Чек арачылардын арасында жеңишке жетишүүдө мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар бар. Бүгүнкү силер менен болгон жолугушуу да аларды шыктандырып, насаат сөздөрүңөр жана каалоо-тилектериңер алдыдагы мелдештерде ийгиликтерге жетишүүгө өбөлгө болот деп ишенем», - деп белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө чемпиондор өздөрүнүн тажрыйбасы, спорттук жашоодогу кызыктуу окуялары менен бөлүшүштү жана чек арачы-спортчуларга спортто жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо кызматтарында ийгилик каалашты.

IMG_2324

IMG_2368

IMG_2402

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×