Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 04.11.2014 18:17

Чек арачылардын арасында мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар бар, - Чек ара кызматынын төрага орун басары Т.Усубалиев

Turmush -  Чек арачылардын арасында жеңишке жетишүүдө мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар бар, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Талайбек Усубалиев

Чек арачылардын арасында жеңишке жетишүүдө мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар бар, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Талайбек Усубалиев бүгүн, 4-ноябрда Аламүдүн районунун Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда Олимпиада оюндарынын, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Каныбек Осмоналиев, Каныбек Сагынбаев, Айсулуу Тыныбекова, Алексей Федосеев жана Канат Бегалиев мыкты спортчу-чек арачылар менен жолугушуу учурунда.

«Бүгүнкү силер менен болгон жолугушуу да аларды шыктандырып, насаат сөздөрүңөр жана каалоо-тилектериңер алдыдагы мелдештерде ийгиликтерге жетишүүгө өбөлгө болот деп ишенем», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, ал чек арачыларга колдооо көрсөткөндөрү үчүн чемпиондорго ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×