Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 03.11.2014 12:05

Сокулук районунун Александровка айылында «Жонхой» жаңы спорт клубунун ачылышына карата грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдеш өттү

Turmush -  Сокулук районунун Александровка айылында 1-ноябрда жаш спортчулардын катышуусунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин элесине жана жергиликтүү жашоочулардын каражатына курулган жаңы спорт клубдун ачылышына карата өткөрүлдү.

Спорттук мелдешке Кыргызстандын ар түрдүү облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 200гө жакын жаш спортчулар катышты.

Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын машыктыруучу Игорь Коваленконун айтымында, аталган спорттун түрү боюнча эң күчтүү жаш спортчулар чогулушкан.

«Жайыл районунан мелдешке катышуу үчүн 7 бала барды, алардын бешөө медалдар менен кайтып келишти», - деп билдирди Коваленко.

Алсак, 27 кг салмактагы категория боюнча Эркин уулу Кожомкул 3 - орун;

30 кг салмактагы категория боюнча Ахмедов Азиз 1-орун;

33 кг Кан Анатолий 2-орун;

33 кг Кан Анатолий 2 -орун;

50 кг Ашуров Али 2- орунга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×