Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 24.10.2014 10:18

Болжол планды толтура албагандыгы үчүн Кемин районунун башкы салыкчысы Т.Шейшеналиев ээлеген кызматынан бошотулду

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын башчысы Тынычпек Шейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду, деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын чечимин аткаруу максатында, ошондой эле, 2014-жылдын 9 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдук көрсөткүчүн аткарууну тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы үчүн жумуштан алынды.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салык органдарынын начальниктерине жана алардын орун басарларына ар бир айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдук көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жазаларын колдонуу маселеси каралаары тууралуу эскерткен.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 20-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өткөн.

Коллегиянын жүрүшүндө ушул жылдын 9 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү боюнча маселелер, атайын салык режимдери боюнча салыктык-тескеп башкаруу иштеринин абалы каралды.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматындагы коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча иштер жана башка маанилүү маселелер талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×