Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.10.2014 15:15

«Манас» спорт комплексинин жетекчилигине майыптардын спорт менен машыгуусу үчүн шарт түзүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды

Turmush -  «Манас» спорт комплексине мелдештерди өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөнү менен спорт менен машугуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөй келет, - деп шаардык кеңештин депутаттары аталган комплекстин жетекчилигин сындашты.

Депуттарга түшкөн арыздарга ылайык, спорт комплексинин жуунучу жайында тазалык сакталбайт. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн орундуктар жетишсиз жана чуркоо жолу авариялык абалда.

Депутаттардын айтымында, «Манас» спорт комплексинин аймагында жайкы бассейндин жаны сыяктуу каралбай калган жерлер бар. Учурда ал жерди мурдагыдай теннис корту катары колдонсо болот.

Белгилей кетсек, күрөш залын куруу үчүн бюджеттен 3 млн сом каражат бөлүнгөнү менен курулуш иштери баштала элек. Ошондой эле, 2 кичи футбол талаасынын курулушу токтотулган.

«Манас» спорт комплексинин директору Төлөш Кумаров билдиргендей, капиталдык оңдоолор менен муниципалдык менчик башкармалыгы алектенүүсү керек.

«Биздин спорт комплексте спорттун 16 түрү үйрөтүлүп, ага 600-700 адам катышат. Биздин милдетибиз – уюштуруу иштери менен алектенүү, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү жана мелдештери өткөрүү», - деп билдирди Т.Кумаров.

Шаардык кеңештин депутаты Александр Сурков маалымдагандай, спорт комплексинин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, жаңы бокс грушалары менен мат сатып алуу зарыл.

Ошондой эле, ал жаштар арасында популярдуу болуп жаткан жана өлкөнүн спортчулары мыкты жыйынтык көрсөтүп жаткан спорт түрлөрүн өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

«Бизде спорттун балдар үчүн болгон түрү өнүккөн эмес. Спорттун жеке түрүнө көңүл буруу керек. Эмне үчүн бизде гимнастика, кылычташуу, кышкы спорттун түрлөрү жок. Менин оюмча эгерде тиешелүү шарттар түзүлгөн болсо, ата-энелер балдары каалаган спорт түрү үчүн кошумча каражат төлөшмөк», - деди А.Сурков.

Жыйынтыгында, депутаттар бюджетти кабыл алганга чейин аталган спорт комплексинин жетекчилигине аны спорттун түрлөрү боюнча өнүктүрүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу менен катар майыптардын спорт менен машыгуусу үчүн шарт түзүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын беришип, анын колдоого алынарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×