Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.10.2014 13:51

Фото - Кара-Балта шаардык кеңештинин депутаттары «Манас» спорт комплексин жаңылоону сунуштоодо

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплекси авариялык абалда жана жарыш жолу жок турат. Бул тууралуу спорт комплекстин кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, резина тосмолору мындан 15 жыл мурун орнотулган, алар мурда эле деформацияланып, ар кайсы тарапка жылдырылган. Андагы резина жабдуулар жеңил отлет оюндарын өткөрүү үчүн кооптуу.

Бул маселе учурда Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында көтөрүлүүдө. Депутаттардын пикиринде, спорт комплексиндеги жарыш жолдор мурда эле спортчулардын машыгуусу үчүн кооптуу болуп калган.

«Эгерде жаңы жабдууларды сатып алуу кымбатка туруп, кыйынчылык болуп жатса, анда башка альтернативдүү чечимдердин жолун табыш керек. Мисалы жарыш жолун башка материалдар менен кайра салуу керек», - дешет депутаттар.

23 10 2014_кабалта спорт 1


23 10 2014_кабалта спорт 2


23 10 2014_кабалта спорт 3


23 10 2014_кабалта спорт 4


23 10 2014_кабалта спорт 5


23 10 2014_кабалта спорт 6

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×