Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуКемин району 22.10.2014 17:44

Кемин районунда экс-депутат Ж.Ибраимовдун 70 жылдыгына арналган футболдук мелдеш өттү

Turmush -  Быйыл жалпы улуттук мааниде өткөрүлүп жаткан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы эл депутаты Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларынын алкагында кечээ, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаковдун, Аппарат кызматкерлердин катышуусунда Кемин районунда футболдук чоң турнир болуп өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Футбол мелдеши инсандын туулган айылы Жаңы-Алышта өттү. Бардык командалар өз чеберчиликтерин көрсөтүүгө умтулуп, жыйынтыгында 1-орун үчүн дипломго жана 15 миң сомдук сыйлыкка Чым-Коргон айылынын футболдук командасы татыктуу болду. Экинчи орун үчүн Бейшеке айылынын командасына 10 миң сом, үчүнчү орунду камсыз кылган Жаңы-Алыштын командасына 7 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыктар тапшырылды. Жеңишке жетүү үчүн көрсөткөн эрктүүлүгү үчүн Кичи-Кемин айылынын футболчуларына 5 миң сом сыйлык берилди.

Мелдештин мыкты оюнчулары да дипломдорго жана 2 миң сомдон турган сыйлыктарга ээ болушту. Алар: мыкты чабуулчу - Дастан Ырысбеков (Чым-Коргон айылы), мыкты коргоочу - Кубанычбек Кубатов (Жаңы-Алыш), мыкты жарым коргоочу - Адилет Карасартов (Бейшеке), мыкты дарбазачы - Тилек Орозбаков (Кичи-Кемин айылы).

Күйөрмандар менен футболчулар бул турнирди уюштургандыктары үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаковго жана Аппараттын жооптуу кызматкери журналист Курманбек Раматовго өзыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×