Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу 16.10.2014 15:22

Өкмөт өкүлү К.Исаев XVII Азия оюндарында коло медалдын ээси болгон Т.Осмонов менен жолукту

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев бүгүн, 16-октябрда Түштүк Кореяда өткөн XVII Азия оюндарында бокс боюнча коло медалды жеңип алган Турат Осмонов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спортчу жана анын машыктыруучусуна «Силер бизге спорттук жеңиштердин эң жаркын көз ирмемдерин тартууладыңар», - деп кайрылып, аларга чың ден-соолук, ийгилик жана жеңиштери каалоо менен эстеликке белек берди.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, жергиликтүү бийлик калк арасында жалпы спорттун өнүгүүсүнө басым жасоодо.

«Спорттун жана дене-тарбиянын өнүгүүсү – аймактык мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири», - деп белгиледи К.Исаев.

Спортчулар өз кезегинде өкмөт өкүлүнө көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, К.Исаев спортчу Т.Осмоновдун Корея Республикасынын Инчхон шаарында өткөн XVII Азия оюндарына катышуусуна материалдык колдоо көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×