Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 30.01.2014 16:23

Аламүдүн районунда эркектер үчүн алгачкы кризистик борбор ачылды

Turmush -  Бүгүн, 30-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунда мамлекеттин социалдык тапшырыгы алкагында ишке ашырылган эркектер үчүн биринчи реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун ачылышынын катышуучулары белгилегендей, учурда Кыргызстанда үй-бүлө институтун өнүктүрүү боюнча саясаттын, айрыкча, эркектин үй-бүлөдөгү ролу жөнүндө саясаттын жок экендиги байкалууда.

Мамлекеттик органдарды жана бейөкмөт тармактарын тынчсыздандырган маселе болуп, коомдун гендердик ролго карата стереотиптүү мамилесинин көйгөйү саналат, бул үй-бүлөлүк зомбулукка алып келет.

«Биздин өлкөдө эркектер туш келген курч маселе — бул жумушка орношуу маселеси, жаракаттан жана жаңжалдан кийинки синдром (төңкөрүштөрдүн, жаңжалдардын жана митингдердин жыйынтыгы), жетекчилик менен өз ара мамиле куруу маселеси, кумар оюндарына жана ичимдикке жана башкаларга берилүү», - деп айтылат маалыматта.

«Үй-бүлө жана Эрдик» борбору жумада беш күн саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Ал жерде эркектерге психологдор жана социологдор кеңеш беришет жана юридикалык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×