Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу, Токмок 30.01.2014 15:55

Токмок шаарында 1325 адам жөлөк пул алат

Turmush -  Учурда Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган 1 миң 325 тургун мамлекеттик жөлөк пул алат.
Токмок шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылы аталган шаардын жашоочуларына 28 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттик жөлөк пул жана 17,1 млн сом акчалай түрүндөгү компенсация берилген.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде калктын аз камсыз болгон катмарын жана жеңилдетилген категориядагы жарандарды колдоого алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом каражат сарпталган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×