Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.08.2014 18:03

Мэрия кызматкерлеринин республикалык спартакиадасында Кара-Балта шаары жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Талас шаарында өткөн мэрия кызматкерлеринин I республикалык спартакиадасында Кара-Балта шаары 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-августта аяктаган спартакиада спортун 9 түрү боюнча өтүп, 1-орундардын көбүн Кара-Балта шаарынын спортчулары ээледи.

«Биз волейбол, баскетбол, стол үстүндөгү теннис, жеңил атлетика, гиря спорту, тогуз корогол боюнча биринчиликке жетип, кубок, диплом жана белектер менен сыйландык», - дейт Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси Кенжебек Кадыралиев.

Эске салсак, мэрия кызматкерлеринин спартакиадасы 20-24-август күндөрү өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×