Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 29.01.2014 18:37

Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгын берүү токтотулат

Turmush -  Эртең, 30-январда Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгын берүү токтотулат, деп билдирди «Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы.

Тактап айтканда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы (Жеңиш проспектисинде, Ленин, Калинин, Восточная, Киров, Чапаев, Северная, Комсомол, Октябрь көчөлөрүндө), Восток айылындагы (Семетей, Сейтек), Маевка айылындагы (Родниковая, Южная, Ала-Арча, Новая, Тулебердиев, Карасуу, Виноградный, Жаш Гвардия, Сельская, Совхозная, Садовая көчөлөрүндө), Пригородное айылындагы (Дорожная, Широкая, Серёгина, 8-март, Марат, Береговая көчөлөрүндө), Достук, Гроздь, Луговое, Константиновка, Башкара-Суу, Заречное, Жал (чыгыш жагы) айылдарында Көк-Жар (Көк-Жар конушунда), ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү Серафимовка айылындагы майыптар үйүндө (Подгорная) электр жарыгын берүү токтотулат.

Ал эми, саат 13:00дөн 17:00гө чейин Сокулук районундагы Ак-Жал, Комсомол айылдарында, Манас айылынын бир бөлүгүндө «Тепличная», «Майская», «Берлик», «Константиновка», «Орто-Алыш», «Орок» трансформатордук көмөкчордондордон чыккан 6-10 кВ аба электр берүү чубалгыларында, ошондой эле «Нур», «Манас» трансформатордук көмөкчордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу жогоруда белгиленген аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×