Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу 15.08.2014 09:49

Жолдошбек Сазанов Чүй райондук суу чарба жана мелиорация башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду

Turmush -  Мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга кезексиз суу берүү фактысы боюнча кызматтык иликтөөнүн негизинде Чүй райондук суу чарба жана мелиорация башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Сазанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 14-августта Tazabekке КРнын суу чарба жана мелиорация департаментинин төрагасы Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, Чүй райондук суу чарба жана мелиорация башкармалыгынын башчысы болуп Болот Макеев дайындалды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 12-августунда айыл-чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев мыйзамсыз түрдө суу бергендиги боюнча кызматтык иликтөөнүн негизинде айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин 3 жетекчисинин кызматынан бошотулгандыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×