Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.07.2014 09:29

Кара-балталык спортчу Роман Ким өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду (фото)

Turmush -  Өспүрүмдөр арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда оор салмактуулар (100 кг чейин) арасында Кыргызстан Роман Ким менен чемпион катары таанылды. Бул тууралуу Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу Игорь Коваленко билдирди.

«Төрт беттешүүнүн ичинен үчөөнү жеңип, учурдагы дүйнө чемпиону грузиялык спортчудан утулуп калды», - дейт ал.

Маалым болгондой, Роман Ким Кара-Балтадагы грек-рим күрөшү мектебинин бүтүрүүчүсү жана 2013-жылдан бери КРнын курама командасында эл аралык аренада ийгиликтүү ойноп келет. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тегеранда өткөн лицензиялык мелдеште 1-орунду, ал эми майда Бангкок (Тайланд) шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 100 кг кадеттер арасында эл аралык класстагы спорт чеберинин нормативин аткарып, Азиянын чемпиону аталган.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугу 15-июлда Снина шаарында (Словакия) өттү.

Р.Ким

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×