Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.07.2014 18:12

Каратэ боюнча дүйнө чемпиону Антонио Олива Себа Кара-Балтада жаш каратисттерге мастер-класс өтөт

Turmush -  Каратэ боюнча дүйнө чемпиону жана испаниялык машыктыруучу Антонио Олива Себа кара-балталык жаш каратисттерге мастер-класс өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук каратэ федерациясынын вице-президенти Александр Руренко билдирди.

Анын айтымында, жаш каратисттер үчүн машыгуу 6-июлдан 12-июлга чейин Ысык-Көлдөгү «Ак-Марал» пансионатында өтмөкчү. Испаниялык Оливанын 12 жаштан 17 жашка чейинки 10 балага бекер машыгуу өтөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул жаш спортчулар спортто буга чейин белгилүү бир жыйынтык көрсөтө алган балдар. Алардын кээ бири Борбордук Азиянын чемпиондору болсо, айрымдары Стамбулдагы дүйнө чемпионатынын сыйлык ээлери. Балдардын дүйнөлүк класстагы машыктыруучу менен машыгуусу алар үчүн пайдалуу болорун белгилеген Руренко машыгуу өткөн соң каратэ боюнча эл аралык турнир өтөөрүн билдирди.

Анын айтымында, бул мелдешке Малайзия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жалыпысынан 300 адам катышмакчы.

Эске сала кетсек, Кара-Балтада мындай жогорку деңгээлдеги мастер-класс акыркы жолу 15 жыл мурун өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×