Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 23.06.2014 09:46

Жайыл районунда акын Т.Кожомбердиевдин 73 жылдыгына арналган веложарышка 50 катышуучу арыз берди (фото)

Turmush -  Жайыл районунда кыргыздын белгилүү акыны Турар Кожомбердиевдин 73 жылдыгына арналып, уюштурулуп жаткан веложарышка расмий түрдө 50 катышуучу арыз тапшырды.

Спортчулардын Кара-Балта шаарынын чет жакасынан Кожомбердиевдин туулган айылы Сары-Булакка чейин 14 чакырым өтүүсү күтүлүүүдө. Иш-чараны раймамадминистрациянын колдоосу менен Сары-Булак айылынын жаштары уюштурууда.

Уюштуруучулар белгилегендей, велоколонна саат 9:30дө шаардын жогору жагында жайгашкан христиан мүрзөсүнөн старт алып, айыл мектебинин жанынан аякталат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушут. Ошондой эле кыргыз акыны туулуп өскөн үй жана мектептин кабинеттерини биринде жайгашкан музейге күбө болушат. Анда Кожомбердиевдин жеке буюмдары — чыгарма жазууда колдонгон сүрөттөрү, калемдери, кагаздары жайгашкан. Аны менен катар анын кол жазмалары, ыр жыйнактары жада калса бала кезиндеги оюнчуктары дагы бар.

Веложарыш 2-жыл катары менен өтүүдө. Былтыр болгону 9 гана катышуучу болгон. Ал эми быйыл Кара-Балта шаары жана Сары-Булак айылынан 50дөн ашуун катышуучу арызын тапшырды.

Белгилей кетсек, былтыр Сары-Булак айылынын жаштар уюмунун лидери Бекназар Сейитов жеңүүчү деп табылган. Ал 14 чакырым аралыкты 35 мүнөттө өткөн.

Тема боюнча: Жайыл районунда белгилүү акын Т.Кожомбердиевдин туулган күнүнө арналган веложарыш уюштурулат

rfhf ,fknf

велопробег

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×