Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 20.06.2014 16:47

Жайыл районунда белгилүү акын Т.Кожомбердиевдин туулган күнүнө арналган веложүрүш уюштурулат

Turmush -  Жайыл районунда белгилүү кыргыз акыны Турар Кожомбердиевдин туулган күнүнө карата веложарыш болот. Бул тууралуу иш-чаранын уштуруучусу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Веложарыш Кара-Балта шаарында акимиаттын имаратынын алдынан башталып, Сары-Булак айылындагы мектептин жанында аякталат.

Катышуучулар жашы боюнча 15 жашка чейинкилер жана 15 жаштан жогорулар болуп, 2 топко бөлүнөт. Жайыл районунун спорт комитетинин төрагасы Нааматбек Сегизбаев билдиргендей, веложарыш жыл сайын 22-июнь күнү Турар Кожомбердиевдин туулган күнүнө арналып, уюштурулуп келет.

Веложарыш — биринчиден эл арасында спортту пропагандалоо болсо, экинчиден акынды райондун элине таанытуу болуп эсептелет, дейт ал.

Белгилей кетсек, Т.Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. Анын урматына Кара-Балта шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×