Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу 28.01.2014 18:52

Чүйдө жыл жыйынтыгы талкууланды

Turmush -  

Кечээ, 27-январда Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы өткөрүлүп, анын күн тартибинде Чүй районунун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга коюлуучу милдеттер, райондун айыл чарбасы боюнча 2013-жылдагы талаачылык иштеринин жыйынтыгы жана жазгы талаачылык иштерине даярдык жөнүндөгү маселелер коюлду.

Райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, коллегияга өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси А.Ж.Жунушалиев, Кадр маселелери боюнча агенттигинин өкүлү М.Ж.Өмүрзаков катышты.

Анда Чүй райондук агрардык өнүктүрүү жана сугат маселелери боюнча маалымат берилип, талкууланган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×