Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу 28.01.2014 17:15

Эртең Бишкек менен Чүйдүн бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Turmush -  Эртең, 29-январда Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгын берүү токтотулат, деп билдирди «Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы.

Тактап айтканда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Көк-Жар (ортоңку бөлүгүндө), Беш-Күнгөй, Аламүдүн айылындагы (Чугуев, Панфилов, Алма-Ата, Горький, Чернышевский, Молодёжная, Станционный Тупик көчөлөрүндө), Виноградная, Төмөнкү Ала-Арча айылдарында борбор жагы); ГУИН зонасында жана Ысык-Ата районуна караштуу Туз, Интернациональное, Бозбармак, Жарбаш, Чоң-Далы, Жедигер, Сары-Жон, Ленинское, Төмөнкү Серафимовка, Алмалуу, Тогуз-Булак, Ичке-Суу, Жогорку Ичке-Суу, Тоолуу Серафимовка айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.

Электр жарыгын берүүнүн токтотулушу «Промышленная», «Кара-Жыгач», трансформатордук көмөкчордондорунда, ГЭС-2, ГЭС-3, «Ленинское», «Норус», трансформатордук көмөкчордондорунан тараган 6-10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×